Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Кыргыз Республикасындагы чоңдордун билими: тарых жана азыркы заман” аттуу илимий-практикалык конференциясы өттү

Бүгүн, 21-сентябрда, “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фонду Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы чоңдордун билими: тарых жана азыркы заман” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов катышышты. 
1-сессияда катышуучулар мотивациялык баяндамачы, кыргызтаануучу Мелис Мураталиевдин “Кыргызстандын тарыхында чоңдордун билим берүүсүнүн өнүгүүсү”, КРСУнун тарых кафедрасынын ага окутуучусу Лариса Марченконун “СССР мезгилиндеги чоңдордун билимин өнүктүрүү” жана фрилансер-эксперт Чынара Ашимованын “Кыргыз Республикасында эгемендүүлүк алгандан берки учурдагы чоңдордун билими” аттуу баяндамаларын угушту.
Конференциянын 2-сессиясында DVV International уюмунун регионалдык директору Галина Веремейчиктин «Заманбап дүйнөдө чоңдордун билими. Чоңдорго билим берүүнүн жана окутуунун германиялык модели» баяндамасын угуп, ошондой эле катышуучулардын практикалык сунуштары берилди.
Конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, ага окутуучу Назгүл Масалиева, Квалификацияны жогорулатуу институтунун кызматкери Гүлмира Шамканова, жалпы бөлүмүнүн башчысы Наргиля Садыкова катышты.
Конференцияга ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясы, ОшМУ, БАЭАУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, БААУ колледжи, «Чүй аймактык өнүктүрүү жана окутуу борбору» коомдук бирикмеси, «Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы», "Энелер Мектеби" КФ катышты. 
Конференциянын жыйынтыгын чыгарып, катышуучулар иш-чаранын актуалдуулугун жана актуалдуу маселелер боюнча кийинки жолугушуулардын мазмунун даярдоону баса белгилешти.