Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили күнүнө карата кереге отурум өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илимий китепканасында профессордук-окутуучулар курамы жана студенттердин жана мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда кереге отурум өттү. 
Аталган иш-чарага Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумунун катышуучулары биздин университеттин кереге отурумуна сыйлуу конок болуп, мамлекеттик тил тууралуу илимий изилдөөлөрү жана иш тажрыйбалары менен бөлүштү.
Кереге отурумда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Мамлекеттик тил күнү майрамы менен жалпы катышуучуларды куттуктап, “Ата-бабаларыбыздан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан пикир алышуунун, сүйлөшүүнүн куралы болгон мамлекеттик тилибиз. Кыргыз тили – өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу керек экени – учурдун талабы. 
Дүйнөдө теӊдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз тили! Кыргыз тили – улуттун баа жеткис зор байлыгы жана өнүгүп өскөн мамлекетибиздин келечеги!” экендигин белгилеп кетти.
Аталган иш-чарага  КР Президенттик Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти Тамара Абылкасымова “Коомчулукта көп кетирилүүчү типтүү каталар”; КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Россия Федерациясындагы өкүлү Багыт Бапанов “Диаспоралардагы эне тилдин сакталышы”; Москва мамлекеттик лингвистика университетинин КМШ жана коңшу мамлекеттердин тилдери жана маданияты бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жеңишгүл Хулхачиева “Россиянын жогорку окуу жайларында кыргыз тилин окутуунун тажрыйбалары”; Түркиянын Анкара университетинин профессору Хулия Касапоглу Ченгел “Кыргыз тилинин тарыхы жана түрк дүйнөсүндөгү азыркы абалы”; филология илимдеринин доктору, профессор Толгонай Сыдыкова “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына  киргизилген өзгөртүүлөр”; Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты Калия Кулалиева “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү талаптары”, ”Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү”; филология илимдеринин доктору, профессор Гүлжамал Жаманкулова “Кыргыз жазуулары байыркыдан бүгүнкүгө” аталышында мазмундуу жана кызыктуу баяндамалары менен бөлүштү.