Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдыгына карата “Кыргызстандагы аудиовизуалдык ММКлар” аттуу илимий-практикалык конференциясы өтүүдө

Бүгүн, 5-декабрда, И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдыгына карата “Кыргызстандагы аудиовизуалдык ММКлар” аттуу  илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Аталган иш-чара Улуттук телерадиокорпорациясы менен биргеликте И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилиги  жана “Ала-Тоо” эл аралык университети тарабынан уюштурулуп жатат.

Конференцияны КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева ачып берип, катышуучуларга медиамейкиндикте тактуулук, оперативдүүлүк жана жаратмандык тилектештигин билдирип, Кыргыз  телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдык мааракеси менен жалпы чыгармачыл жамаатын куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Ишеналы Арабаев атындагы КМУ жана Улуттук телерадиокорпорациясынын ортосунда түзүлгөн өз ара келишимдер ийгиликтүү аткарылып келе жаткандыгына байланыштуу университеттин ректору Айгүл Абдраева УТРКнын генералдык директоруна Ыраазычылык кат тапшырып, иштерине ийгилик каалады.

Өз кезегинде, Б.Тиллебаев КМУнун ректору Айгүл Төлөковна Абдраевага Ардак грамота тапшырып, чыгармачыл, окуу иштери жана уюштуруу маселелери боюнча келишимдин негизинде долбоорлор оң жыйынтыктар менен ишке ашып жаткандыгын белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Куттуктоо сөзу менен форумдун катышуучуларына УТРКнын генералдык директору Болотбек Тиллебаев, «Ала-Тоо» эл аралык университетинин ректору Санжарбек Эрдолатов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Халит Гулшен, УТРКнын ардагери Тамара Жаманбаевалар сөз сүйлөштү.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Улуттук телерадиосунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз телекөрсөтүүсүнө өмүрүнүн 65 жылын арнаган белгилүү диктор Тамара Жаманбаевага орошон эмгегин белгилеп Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекелик төш белгисин тапшырды.  

Андан соң, конференциянын катышуучуларына “Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн жаралуу тарыхы”  аталышында видеоматериал тартууланды.

Илимий-практикалык конференцияда кыргыз журналистикасынын ардагерлери жана өсүп келе жаткан калеми курч, тармактын кесипкөй адистеринин баяндамалары менен уланды.

Филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Мамбеталиев - “Кыргызстандын журналистикасы: илимий изилдөө маселелери”, «Ала –Тоо» эл аралык университетинин Коммуникаторлор ассоциациясынын төрайымы Элира Турдубаева - “Билим берүүдө жана илимий изилдөө жүргүзүүдө Жасалма Акыл Платформаларын колдонуу”, ф.и.к., УТРКнын иш башкаруучусу Чынар Капарова - “Телекөрсөтүү жана жаңы медиа”,  УТРКнын Улуттук биринчи каналынын продюсери Алмаз Касымалиев - "УТРК эфирдик берүүлөрүндөгү улуттук иделогия маселелери", “Замана” таңкы программасынын шеф-редактору Атахан Кожогулов – “Замана” таңкы программасынын өзгөчөлүктөрү”, Спорттук каналдын продюсери Шайырбек Арапов – “Спорттук канал: Спорттук комментаторлор мектеби”, Ж.Саитбурканова - “Ребрендинг”, УТРКнын продюсери Жамиля Маматова – “УТРКнын борбордук архиви. Тарыхы жана азыркы учур”, продюсер Айбек Мусаев - “Облустук телекомпаниялар” аталышында өздөрүнүн көп жылдык ишмердүүлүгүндөгү тажрыйбасын илимий-практикалык жактан изилдөөлөрү менен ой бөлүштү.

Илимий-практикалык конференция өз ишин улантып, анда кыргыз журналистикасы, кыргыз телекөрсөтүүсү тууралуу көптөгөн маанилүү баяндамалар угулду.