И.Арабаев атындагы КМУда Кыргызстан менен КЭРдин Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтык форуму башталды
14-май күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынан ишкерлердин чоң делегациясы келди.
КМУда Шаньдун провинциясынын Эл аралык соода палатасы менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу боюнча бизнес-форуму ишин баштады.
Бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева катышып, өз сөзүндө эки мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды баса белгилеп, Кытай тарабынан И.Арабаев университетине Шаньдун провинциясы тарабынан демөөрчүлүк аракеттери орун алат деген ишенимин билдирип кетти.
Бизнес-форумга Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ишкерлери катышууда.