Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Кытай Эл Республикасынан келген PhD докторанттар менен жолугушуу болуп өттү

27-июнда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кытай Эл Республикасынан келген 1-курстун PhD докторанттары менен жолугушуу болуп өттү. Жыйында кытайлык докторанттарды университет менен тааныштыруу иштери жүргүзүлүп, илимий жетекчилер менен жолугушуу болуп, илимий-изилдөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берилди.
Иш-чарага университеттин илим, эл аралык байланыш жана инновациялар боюнча проректору А.Т. Бейшенова жана докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы А.К.Чалданбаева катышты.