Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Кытай жаңы жылы майрамы белгиленди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кытай жаңы жылы майрамы” аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин 1-курсунун студенттери катышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын 1 айга созулган майрамынын тарыхы, каада-салты жана жаңы жылдык тамак-аштары тууралуу кызыктуу маалымат алышты. Ошондой эле, кытай пельмени 餃子 гё̄дза [ɡʲo̞ːza̠]) тамагын даярдашты.