Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу боюнча ата-энелерди агартуу» долбоору башталды

Бүгүн И. Арабаев атындагы КМУда «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу боюнча ата-энелерди агартуу» долбоорунун ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп жатат. Ага окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Бекешов, Винера Раимбачаева, “Бирге ден соолук” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Суванкулова, DVV International  уюмунун  ѳкүлдѳрү катышууда. Бүгүнкү күндѳн баштап, КМУда  республиканын бардык аймактарын камтыган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу боюнча социалдык чѳйрѳдѳгү мамлекеттик буюртма ишке ашырыла баштады.  
 Аталган теманын актуалдуулугу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери негизги тарбиячы болуу менен, эреже катары, психологиялык-педагогикалык агартуу тармагында зарыл болгон билимдерге жана жѳндѳмдѳргѳ ээ болушат. Бул, ѳз кезегинде баланын потенциалдуу мүмкүнчүлүктѳрүн ачуу, аны ийгиликтүү социалдаштыруу үчүн зарыл болуусу менен шартталат.  
Агартуу курстарында инклюзивдик практиканы ѳнүктүрүү шартында психологиялык-педагогикалык агартуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлѳлѳрдѳ үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнүн ортосундагы гармониялык мамилелерди орнотууга, ата-энелери менен карым-катышууда жагымдуу эмоционалдык фонду түзүүгѳ ѳбѳлгѳ түзѳт. Окутуунун 1-этабы ѳз ишин баштады, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринен тайпалар түзүлгѳн. Курстун алкагында И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы   кошумча кесиптик билим берүү институтунун алдындагы Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун окутуучулары ѳз билимдери менен бѳлүшѳт.