Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун II форуму өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун II форуму өтүп жатат. Форумду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев ачып берди.

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору Айгүл Абдраева өз сөзүндө учурдагы ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуу ар башка программанын негизинде жүргүзүлүп келгенин белгилеп, бардык университеттерде мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуунун бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу маселесин колго алууну сунуштады.

Форумдун жүрүшүндө “Тил корпусун түзүү маселелери”, “Чет элдик тажрыйбанын негизинде ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуу”, “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун заманбап жолдору, артыкчылыктары жана кемчиликтери” деген темаларда баяндамалар жасалды.