Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Мамлекеттик тилде билим берүүнүн заманбап технологиялары” аталышында республикалык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 20-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгынын жана И.Арабаев атындагы КМУнун негизделгенинин 80 жылдыгынын алкагында “Мамлекеттик тилде билим берүүнүн заманбап технологиялары” аталышында республикалык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Сыртбай Мусаев, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана башка илимий, билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Конференцияда мамлекеттик тилде билим берүүнүн заманбап методдору, терминология маселелери жана тилди колдонуудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, илимий изилдөөлөр жана иш тажрыйбалар боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.