Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында республикалык сынактын I баскычы өз ишин баштады

17-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаӊы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында уюштурган “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында республикалык сынактын биринчи баскычы өз ишин баштады.

Сынак мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тили катары жана чет тил катары окуткан окутуучулар арасында үч баскычта өткөрүлөт.

Сынак Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында республикабыздагы жогорку окуу жайларынын арасында жүргүзүлөт.

Иш-чаранын ачылышында КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу “сынактын уюштурулушу мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүдө өтө маанилүү” деп белгиледи. Иш-чарага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Ж. Орозобекова, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси А. Мамытов жана Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун башкы адиси К. Абдраимов катышты. Алар “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” республикалык сынагынын катышуучуларына ийгилик каалашты.

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору С.Жумалиев сынактын калыстар тобу менен тааныштырды.

Сынактын катышуучулары, ЖОЖдордун окутуучулары мамлекеттик тилди эне тили катары окутуунун заманбап методдору боюнча сабактарын оффлайн жана аймактагылар онлайн форматта өтүштү.