Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Мекенди коргоо-ыйык милдет» аттуу иш-чара болуп өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата «Мекенди коргоо-ыйык милдет» аттуу иш-чара болуп өттү. Ага колледждин директору  Максатбек Толоев, окуу иштери боюнча орун басары Б. Тултуков жана  запастагы генерал-полковник А. Чотбаев, запастагы гвардиянын полковниги С.Молдалиев жана башка коноктор катышты. Иш чаранын алкагында студенттер келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулап, эр азаматтарды  23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен куттукташты.