Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда мектеп окуучуларына кесип тандоо боюнча багыт берүү башталды

И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Бейшеналиева Салкын Турсуналиевна Талас облусунун Бакай-Ата районундагы “Манас” жатак лицейинин 8-11-класстарынын окуучуларына биология сабагын өттү. Бул саамалыктын максаты - бүтүрүүчү класстардын окуучуларына келечекте кесип тандоого багыт берип, мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосунда байланышты кеңейтүү. Анын алкагында "Зат жана энергия алмашуу", "Кребстин цикли", "Белоктун биосинтези" деген темаларда 3 күнгө созулган ачык лекциялар жана лабораториялык иштер өткөрүлүүдө.