Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Мугалимдер кунүнө арналган «Агартуучуларга - таазим!» аттуу салтанаттуу кече уюштурулду

И. Арабаев атындагы КМУда Мугалимдер кунүнө арналган «Агартуучуларга - таазим!» аттуу салтанаттуу кече уюштурулду.  Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Төлөковна Абдраева бугүнкү салтанаттуу иш-чарага катышып жаткан окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамын, университеттин ардагерлерин, курам жетекчилерин жана студенттерди Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктады.

Республикабыздын билим берүү тармагында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык билим берүүчү окуу жайлардын флагманы экендигин сыймыктануу менен белгилейбиз.

Агартуучулар өсүп келе жаткан муундарга – бийик максаттарга умтулуунун үлгүсү жана үзүрлүү эмгектин символу болуп эсептелет.

Бүгүнкү майрам – эң ардактуу кесип ээлеринин майрамы. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун!

Кесиптик майрамда куттуктоолор жана сыйлыктар тапшырылды.

Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата  билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана социалдык өнөктөштүктүн алкагында биргелешип мугалимдердин укугун коргоп, кызыкчылыктарын жактоодо, социалдык абалын жакшыртууда кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “ Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Жалпы тарых жана социалдык экономикалык дисциплиналар”кафедрасынын доценти Карасартова Чынаркүл Жумашовна,

Ардак грамотасы менен окуу башкармалыгынын башчысы Зайниев Раушанбек Акимович, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин “Башталгыч билим берүү ” бөлүмүнүн ага окутуучусу Убайдылдаева Жылдыз Акимжановна сыйланышты.

Кече жакшы маанай тартуулаган концерттик программа менен коштолду.