Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Мыкты окутуучу-2024” сынагы өтүүдө

25-26-апрель күндөрү И.Арабаев атындагы КМУда “Мыкты окутуучу-2024” сынагы өтөт. Иш-чарага окуу жайдын эң мыкты 15 окутуучусу катышууда.

Сынактын максаты билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан окутуучулардын ар тараптуу жетишкендиктерин, тажрыйбаларын жайылтуу жана жаңы маалыматтык технологияларды жана педагогикалык ыкмаларды натыйжалуу колдонуу, ошондой эле, окутуучулардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Сынак Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулунун жетекчилиги астында өтүүдө.