Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Накаcибецу шаары менен таанышуу» семинары өттү

10-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда «Накаcибецу шаары менен таанышуу» семинары өттү. Иш-чарага КМУнун студенттери катышты. Семинардын жүрүшүндө Накасибецу шаары тууралуу кенен маалыматка ээ болушту.

Накасибецу шаары (Хоккайдо, Япония) Охот деңизинин жээгинде жайгашкан. Ал жерде аэропорттун болушу Токиого жана Саппорого оңой жетүүгө мүмкүндүк берет. Бул шаар бүт аймактын калкын өзүнө тарткан транспорттук түйүн болуп саналат.

Ошондой эле, сүт азыктарын өндүрүүдө сапаты жана саны боюнча алдыңкы орунду ээлеген облустун негизги тармагы. Шаар конокторго тынчтыкты жана позитивдүү эмоцияларды, ошондой эле, Охот деңизинен алынган деңиз азыктарын тартуулайт.

Накасибецу шаарында жапон тили колледжи жана маалымат технологиялык колледжи бар. Алар IT, бизнес жана туризм багытындагы адистерди даярдашат.