Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Нооруз 2023 жаз майрамы белгиленүүдө

“Кыз-жигит" сармерден – кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири. И.Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамы сармеден оюну менен коштолду. Келген коноктор жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, бий, оюндарына күбө болушту. Макал-лакап, табышмак, жаңылмач, ыр-күүлөрдү бир ортого алып келип, элдин жарпын жазып, көӊүлүн көтөргөн абалкы салтты улаган Кыз жигиттин университетте уюштурулган бул айтышы баарыбызга өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.