И. Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамы уланууда
Быйыл, И.Арабаев атындагы КМУда Улустун улуу күнү-Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленүүдө. Имараттын алдына боз үй тигилип, Нооруз көркү болгон сүмөлөк бышырылды. Сүмөлөк университеттин профессордук-окутуулар курамы тарабынан таң аткыча кайнатылып, бүгүн эртең менен келген конокторго, студенттерге таратылды. Ага утурлай боз үйгө дасторкон жайылып, улуттук тамак-аштар берилди.