Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамына арналган иш чаралар башталды

Университеттин Эл аралык билим берүү программалары институту Нооруз майрамына арналган иш чара өткөрдү. Ага институттун чет элдик магистранттары, тил үйрөнүү боюнча угуучулары жана И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева баштаган проректорлор катышты. Майрамдык иш чара чет элдик магистранттарды кыргыз элинин маданияты, каада-салты, үрп-адаты жана Ноорузга байланыштуу ырым-жырымдары менен тааныштырууга багытталган. Мындан улам, бул институттун окутуучулар курамы майрамдык дасторконго өзгөчө көңүл буруп, даамдуу улуттук тамактар, сүмөлөк, айран, каймак жана таттуулар менен толтурган. Майрамдык чакан программада арча түтөтүп, аластап аруу тилектер айтылды. Биздин окуу жайда окуган чет элдик студенттер өздөрүнүн тилинде чыгармаларды аткарып, кыргызча ырларды да ырдашты.