И. Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамына арналган иш чаралар уланууда
Университеттин Гуманитардык билимдер факультети менен Орус тили жана адабияты кафедрасында Нооруз көктөм майрамы деген майрамдык иш чара өттү. Ага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты. Активдүү студенттер майрамдык салтанаттуу программа уюштурган. Ноорузга байланыштуу сахналаштырылган оюн-зоокторду, элдик ырларды жана улуттук бийлерди даярдашкан. Майрамдык кечеде катышуучулар улуттук тамак-аштардан даам сызып, Нооруздун тарых таржымалына токтолуп, сүмөлөктү бышыруунун жол жоболорун айтышты.