И.Арабаев атындагы КМУда Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуу иш-чарасы өтүүдө
Бүгүн,19-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн сүмөлөк кайнатуу иш-чарасын ачып берди.
Иш-чарага КМУнун курам жетекчилери, кафедра башчылары, администрациясы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Нооруз майрамы жаңылануунун символу болгон жакшы жөрөлгө.
Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдык маанай түзүлүп, боз үй тигилип, ички жасалгалоосуна өзгөчө маани берилди.
Ошондой эле, май токоч жасоо ырымы, сүмөлөк даярдоо камылгасы көрүлүп, улуу муундун өкүлдөрүнүн катышуусунда бата берүү салты орун алды.
Иш-чаранын алкагында Нооруз майрамынын мааниси жана сүмөлөк даярдоо ыкмасы тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.