Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

29-март күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү.

Отурумдун күн тартибинде И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда окуу, окуу-методикалык, илимий, тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы тууралуу ЭМИнин директору К.Ж. Абдыкадыров отчет берди. Ошондой эле, КМУнун студенттеринин арасында “Коррупцияга жол жок!” темасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча маалымат берилди.