И. Арабаев атындагы КМУда “Окутуу процессин долбоорлоодогу STEM-мамиле” аталышында конок-лекция өттү
16-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында “Табият таануу” жумалыгынын алкагында Салымбеков университетинин IT жана бизнес колледжинин Окуу бөлүмүнүн башчысы Гулина Батракеева “Окутуу процессин долбоорлоодогу STEM-мамиле” аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Окуу башкармалыгынын начальниги Равшан Зайниев, окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.