И. Арабаев атындагы КМУда окуу-методикалык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу- методикалык кенештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду окуу-методикалык кенештин төрагасы Талант Курманбек уулу алып барды. Ага окуу башкармалыгынын начальниги Р.Зайниев, билим берүү программаларынын сапаты жана аккредитациялоо секторунун башчысы К. Кыдыкбаева, окуу-инспекциялык бөлүмүнүн башчысы Ш.Искендерова жана курамдардын окуу-усулдук бирикмелеринин жетекчилери катышты. Окуу- методикалык кеңеште күн тартибиндеги маселелер менен катар, окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан иштелип чыккан эмгектер, окуу куралдары, типтүү программалар жана министрликтин графигине сунушталган окуу китептери талкууга алынды. Андан сырткары ар түрдүү маселелердин алкагында педагогикалык багыттагы программалардагы практикаларды уюштуруу, мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик билим берүү стандарттарына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар айтылып, талкууланды.