Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда он 1-курсунун студентине “Уэсоль” стипендиясы тапшырылды

Бүгүн, 10-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн студенттерине «Уэсоль» стипендиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Ага университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу менен Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова катышты. Корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон “Уэсоль” стипендиясын алган  “Котормо жана котормо таануу” бөлүмүнүн студенттери Токтосунова Алия, Ыбыралиева Адеми, Мухтарова Айжамал, Ни Лия;  “Эл аралык байланыштар” бөлүмүнүн студенттери Таалайбекова Алтынай,  Самудинова Айгерим, Каныбекова Айдана, Абдразакова Азиза; “Филология” бөлүмүнүн студенттери Ташматова Мария,  Кенжебаева Омурканга окууда ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалады. Аталган стипендиянын ээси болуп табылган 10 студент окуудагы жетишкендиктеринин негизинде тандалган.

Иш-чара «Самульнори» улуттук корей барабан ансамблинин аткаруусу, К-ПОП жана корей бийи менен коштолду.