Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда педагог/мугалимдерди сертификациялоо, сапаттуу мугалимдерди даярдоо стратегиясынын алкагында иш-чара өтөт

15-26-апрель күндөрү аралыгында иш алып баруучу И.Арабаев атындагы КМУнун “Гуманитардык-социалдык жана экономикалык, математикалык жана табигый илимий, кесиптик циклдин (базалык бөлүгү)” боюнча предметтердин мазмунун текшерүү үчүн түзүлгөн Жумушчу тобу окуу жайдын Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулунун жетекчилигинде өтөт.

Жумушчу топ университеттин билим берүү программаларынын сапатын жогоролулатуу алкагында ар бир түзүлгөн окуу-усулдук комплекстин компетенттүүлүгүнүн учурдун талабына ылайыктуулугу, жалпы билим берүү мекемелеринде окутулган предметтердин мазмуну кайталанбастан улантылышы, башкача айтканда, билим берүү сапатына кепилдик берүүнү колго алуу максатында бир катар критерийлер менен иш алып барат. Анын ичинде 12 жылдык мектеп реформасына дал келтирүү максатында окуу пландарга жана Окуу усулдук комплекске өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды берүү; Окуу методикалык комплекс (ОМК) анын ичинде (жумушчу программа, силлабус камтылган) колдонулган адабияттардын жеткиликтүүлүгүн карап, анализ жасоо. Ошондой эле, 12 жылдык мектеп долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик стандарттарга, окуу пландарга жана окуу усулдук комплекстерге өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды алуу менен билим берүү программаларын жаңылоого шарт түзүү.

Аталган иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Педагогикалык билим берүү тармагында реформа жүргүзүү» жөнүндөгү 2024-жылдын 1-февралындагы №157/1 буйругунунун 3-пунктундагы педагог/мугалимдерди сертификациялоо, сапаттуу мугалим даярдоо стратегиясынын алкагында, жогорку окуу жай менен жалпы орто билим берүү мекемелеринин шайкештигинин жолго салуу максатында ишке ашырылууда.