Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда педагогика илимдери боюнча диссертациялык кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү

26-июнда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика илимдери боюнча D 13.23.675 диссертациялык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. 
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева диссертациялык кеңештин ишине ийгилик каалап, анын сапаттуу жана натыйжалуу иштеши үчүн университет тарабынан бардык зарыл шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Университет илимий ишмердүүлүккө чоң маани берип, илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүн колдой тургандыгын өзгөчө белгилеп кетти.
И.Арабаев атындагы КМУ жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика илимдери боюнча Д 13.23.675 диссертациялык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2 жыл деп белгиленди жана  төмөнкү адистиктер боюнча бекитилди:
1. педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) илимий даражасын алуу үчүн
13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (физика)
13.00.08 – кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы
2. педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн
13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (биология)