Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 29-июнда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү. Анда университеттин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Төлөковна Абдраева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Эмгек каарманы» төш белгисин Бердалиева Гульзат Шамшиевнага тапшырды.
Ошондой эле, Чойбекова Нурила Темиркановнага филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алгандыгы тууралуу диплому жана Кожалиева Дариха Жанболотовнага педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алгандыгы тууралуу диплому тапшырылды.
Урматтуу Гульзат Шамшиевна, Нурила Темиркановна, Дариха Жанболотовна – сиздерге бекем ден соолук каалап, эмгегиңиздердин татыктуу баалоосуна тилектештигибизди билдирип, чын жүрөктөн куттуктайбыз!