Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда педагогика илимдери боюнча Диссертациялык кеңештин I жыйыны болуп өттү

21-сентябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика илимдери боюнча  Д 13.23.681 Диссертациялык кеңешинин I жыйыны өттү. Жыйынга окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева катышты. Ал өз сөзүндө  Диссертациялык кеңештин  ишине ийгилик каалап, анын сапаттуу жана натыйжалуу иштеши үчүн университет тарабынан бардык зарыл шарттар түзүлөөрүн айтып, илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүн колдоорун белгиледи.
  И.Арабаев атындагы КМУ жана ОшМУнун педагогика илимдери боюнча Диссертациялык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эки жыл деп белгиленип, курамы 13 кишиден түзүлүп, анын төрагасы болуп педагогика илимдеринин доктору, профессор Алиев Шаршеналы дайындалган.