Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда профессор Адыл Жуматурдунун «Манас таануунун Кытайдагы жаңы багыттары жана табылгалары» аталышында конок-лекциясы өттү

 

29-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасы тарабынан кытайлык кыргыз окумуштуусу Адыл Жуматурдунун «Манас таануунун Кытайдагы жаңы багыттары жана табылгалары» аталышында конок-лекциясы өттү. Адыл Жуматурду Кытай коомдук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери, профессор, манас таануучу, фольклор таануучу, котормочу, адабиятчы, филология илимдеринин доктору. Ошондой эле иш-чарага Пекиндеги Кытай борбордук улуттар университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты, манас таануучу, фольклор таануучу Токон Ысак, профессор, PhD доктор, филолог, манас таануучу, котормо таануучу Ляң Го катышты.

Иш-чарада КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Айгүл Чалданбаева жакынкы кундөрү И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз-Кытай факультетинин ачылышы болуп, кыргыз-кытай эл аралык мамилелеринин өнүгүүсү тууралуу белгилеп, урматтуу конокторго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, профессор Адыл Жуматурдунун 60 жылдыгы менен КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу тапшырылды.

Иш-чара Саякбай Каралаевдин варианты боюнча "Манас" эпосунан үзүндү айтуудан башталды.

Иш-чарада профессор Адыл Жуматурдунун 60 жылдыгына арналган видеофильм көргөзүлдү. Адыл Жуматурду Кытайдагы көптөгөн сыйлыктарынын ээси жана быйыл "Такшалган котормочу" ардактуу наамы ыйгарылды.

Профессор Адыл Жуматурду өтө маанилүү, маңыздуу лекциясында көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

"Манас" эпосу адамзаттын мурасы, ошондуктан бул кыргыз элинин эпикалык чыгармасын көптөгөн чет тилдерине которуу маселеси тууралуу профессор Ляң Го сөз кылды. Ал, Манас таануу боюнча Кытай улутундагы биринчи окумуштуу жана көптөгөн илимий-изилдөө иштерин манас таануучулугуна арнап, Кытайдагы кыргыз манасчысы, Жусуп Мамайдын Манас айтуусу жөнүндө англис тилинде китеби жарык көргөн.

Иш-чарага филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиева, Манас таануу кафедрасынын башчысы Талант Рысбаев, Манас таануучулар, студенттер катышты.