Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда профессор Э.Ж.Маанаевдин музей-кабинети ачылды

Бүгүн, 15-май кунү, И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда профессор Э.Ж.Маанаевге арналган музей-кабинет ачылды. Музей-кабинетте профессор Э.Ж.Маанаевдин ата-энеси, балалыгы, жаштыгы, партиялык ишмердиги, И.Арабаев атындагы КМУдагы жана тарыхтагы ишмердиги боюнча фотодокументалдык жана буюм түрүндөгү материалдар берилди. Ошондой эле, агайдын өздүк китепканасы, монографиялары, диссертациялары толук коюлду. Э.Ж.Маанаевдин билим берүүдө, илимде жетишкендиктери – сыйлыктары, медалдары, ордендери музейде экспозицияланды. Музей-кабинетти жасалгалоого жана түзүүгө үй-бүлөсү, балдары жана неберелери көмөк көрсөтүштү.

Музей-кабинеттин ачылышына И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, проректор Талантбек Курманбек уулу, ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова, академик Сырбай Мусаев, тарыхчылар А. Мокеев, А.Арзыматова, Ж. Өмүрзакова, Н.Курбанова, Г.Курумбаева, А.Жоошбекова, Б.Бакеева, Г.Жыргалбекова, Р.Зайниев, балдары, неберелери ж.б. катышты.

КМУнун ректору музей-кабинетинин ачылышында профессор Э.Ж.Маанаевдин ишмердигин, илимге арнаган өмүрүн баса белгилеп, өмүрүнүн аягына чейин ректордун кеңешчиси катары иштегендигин жана калыстык сапаттарын белгиледи.

Музей-кабинет ТСУББИнин студенттери жана магистранттары үчүн окуу-усулдук борбор катары кызмат кыла бермекчи.