Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда профессор Шарипа Кадырованын жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференция өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунда филология илимдеринин доктору, профессор Шарипа Кадырованын жаркын элесине арналган “Азыркы тил илиминин жана маданиятынын актуалдуу маселелери” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. 
Иш-чара Шарипа Кадырованын музей-кабинетинин ачылышы менен башталды. Ага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Шарипа Кадырованын жакындары, кесиптештери, замандаштары жана студенттери катышты. 
Илимий-практикалык конференцияда филология илимдеринин доктору, профессор Шарипа Кадыровага арналган документалдык тасма көрсөтүлүп, илимий докладдар жасалып, талкуулар болду.