Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган манасчылардын жолугушуусу өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасы жана "Манас" Улуттук театры менен биргеликте Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган манасчылардын жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Аида Эгембердиева, Манас таануу кафедрасынын башчысы Талантбек Рысбаев, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, Манас таануучу Бактыбек Максутов жана "Манас" Улуттук театрынын директору Азиз Биймырза уулу баш болгон манасчылар, акын дастанчылар, коомдук ишмерлер, Манас таануучулар жана КМУнун окутуучулар жамааты, студенттер катышты.