Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда сегиз 1-курсунун студентине “Хангыль” стипендиясы тапшырылды

Бүгүн, 6-сентябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  «Хангыль» стипендиясын тапшыруу жана быйылкы жаңы окуу жылынын Корей тили бөлүмүнүн 1-курсунун студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева куттуктоо сөзүндө “Хангыль” стипендиаттарына талыкпай окуунун аркасында мыкты адистер болуп, окуу жайды ийгиликтүү аяктоосун каалап кетти. Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон “Хангыль” стипендиясын алган  “Котормо жана котормо таануу” бөлүмүнүн студенттери Ишенбекова Анина, Кыдыкова Аземи, Абдымомунова Дарина, Асылбек кызы Айпери;  “Эл аралык байланыштар” бөлүмүнүн студенттери Уланбекова Нуриза, Абдылдаева Гулназ, Абжалилова Анара; “Филология” бөлүмүнүн студенти Кайыпова Жылдызга окууда ийгиликтерге жетишүүсүн каалап кетти. Аталган стипендиянын ээси болуп табылган 8 студент ЖРТ жогорку көрсөткүчтөрүнүн негизинде тандалган.
Ошону менен бирге, университеттин ректору Түштүк Кореядан келген «Бексан» маданий борборунун директору Джонг Джанг Хунга, «Хангыль» стипендия фондунун директору Ханг Хе Йонгго жана «Ури» компаниясынын директору Ким Нам Шикге биздин студенттерге көрсөтүп жаткан колдоосуна терең ыраазычылыгын билдирди. 
Иш-чара «Самульнори» улуттук корей барабан ансамблинин аткаруусу, көп кылдуу каягым тартма аспабында чыгарма аткарылып жана «Маска» корей бийи менен коштолду.