Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда STEM билим берүү аркылуу мугалимдерди даярдоо программасы старт алды

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУда мугалимдерди STEM дисциплиналарын окутуунун дисциплиналар аралык жана комплекстүү ыкмаларына окутуу, ошондой эле STEM билим берүү аркылуу инновациялык окутуу ыкмалары боюнча билим жана көндүмдөрдү жайылтуу программасы ишке кирди.
Ачылышта проректор Бакбур Исаев куттуктоо сөз сүйлөдү.
Бул долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан демилгеленип, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында өткөрүлүп атат.
8 айлык программа 128 саатка эсептелген. Тренер Анара Бочолоева жумасына 2 жолу сабак өтөт. Катышуу үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун жана Бишкек шаарынын окуу жайларынын илимий дисциплиналар, технологиялар, инженерия жана математика тармагында иштеген окутуучулары тандалып алынган.