Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда төкмө акын, ырчы жана дастанчы К. Акиевдин 140 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө

2023-жылдын 27-ноябрында И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын жана дастанчы Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган “Калык Акиевдин чыгармаларынын заманбаптуулугу:билим берүү жана маданият” аталышында илимий-практикалык конференция болуп өтүүдө. Конференцияга келген меймандар алгач залкар таланттын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган китеп көргөзмөсүнө күбө болушту. Көргөзмөдө акындын китептеринен тышкары ал тууралуу жазылган эмгектер, илимий макалалар коюлду. Өз кезегинде акын тууралуу адабиятчы Абдысалам Обозкановдун монографиясы чыккан.

Конференцияны университеттин ректору А.Т.Абдраева ачып, Президенттик администрациянын өкүлү, тарых илимдеринин доктору О.Э.Капалбаевге сөз берди. Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Калык Акиевдин ар тараптуу изденүүлөрү тууралуу ойлорун КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Ө.Калыбеков,

Улуттук “Манас” театрынын директору А.Биймырза уулу бөлүштү.

Илимпоздор С.Байгазиев, А.Калдыбаева, А.Муратов, А.Турдугулов, Р.Сыдыкова, К.Талиева, М.Көлбаева, Ж.Садыкбек кызы жана башкалардын жасаган илимий баяндамалары катышуучулар үчүн абдан маалыматтуу болду.