Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Түштүк Кореянын Конджу улуттук университетинен келген окутуучулар семинар өтүүдө

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Түштүк Кореянын Конджу улуттук  университетинен келген 8 окутуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды атайын жана инклюзивдик билим берүү шарттарында окутуу жана тарбиялоо боюнча окуу семинар өтүп жатышат. Семинар угуу, сүйлөө жана акыл-эс өнүгүүсүндө майып балдарды окутуу тууралуу темаларда өтүлүп, 17-августка чейин уланат. 
 Бул долбоор И.Арабаев атындагы КМУ  жана Түштүк Кореянын Конджу улуттук университетинин  ортосундагы кызматташуу меморандумунун алкагында ишке ашырылууда.
Иш-чарага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун билим берүү уюмдарынан келген 200гө жакын адам катышууда. Алар инклюзивдик билим берүү идеялары боюнча иштеген билим берүү уюмдарынын директорлору, атайын билим берүү уюмдары, социалдык педагогдор, психологдор, башталгыч класстардын жана жалпы билим берүүчү жана атайын мектептердин коррекциялык класстарынын мугалимдери.