И.Арабаев атындагы КМУда “Тамгалар даңктайт Манасты” Республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды
Бүгүн, 2-декабрда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө утурлай “Манас” улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган “Тамгалар даңктайт Манасты” Республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган сынак “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу максатында уюштурулган.
Сынакка 30дан ашык талапкер катышып, калыстар тобу 10 автордун ырларын иргеп берди.
Бул сынак башталгыч класстардын окуучуларынын “Алиппе” майрамында айтыла турчу ырларга жарыяланган. Ырларды жаттодо, балдар тамгаларды таануу менен кошо, Манасты таанымакчы. Долбоордун Жобосуна ылайык акындарга “Манас” эпосундагы каармандардын, жер-суу, курал-жарак, буюм-тайым ж.б.у.с. түшүнүктөрүн камтып, ырга кошуп жазуу талабы коюлган.
“Тамгалар даңктайт Манасты” Республикалык сынагында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы Элчилигинин алдында орнотулган “Бала манасчы” айкели тууралу тартылган тасма тартууланды.
Кеченин соңунда Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова “Манас” гимнин аткарды.