Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Тарыхый эс-тутум элдердин биримдигинин фактору катарында» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттүдө

10-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Тарыхый эс-тутум элдердин биримдигинин фактору катарында» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция  өтүүдө. Конференция Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту жана Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фонду тарабынан уюштурулду.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь – “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү деп жарыяланып, бул тууралуу 2017-жылдын 26-октябрында КР Президентинин Жарлыгы чыккан.

Конференциянын негизги максаты: кыргыз элинин тарыхындагы кайгылуу окуялар – саясий репрессиялардын тарыхы, 1916-жылдагы улуу кѳтѳрүлүш, анын кесепеттери жана сабактарына саресеп салуу жана анын кыргыз элинин тарыхындагы ордун даңазалоо. Кыргызстандын тарыхындагы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш сыяктуу кайгылуу окуяларга тарыхый калыс баа берилип, ал эми 85 жыл мурда 7-8-ноябрь күндөрү Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн ата-бабаларыбыздын эмгеги, эрдиги жаш муундарга мурасталып, тарыхыбызда татыктуу баасын алышы зарыл. Ага ылайык, конференцияда аталган темаларды изилдеген окумуштуулар катышып, баяндоодо.