Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Тил – достук көпүрөсү” аталышында иш-чара өтүүдө

28-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда “Тил – достук көпүрөсү” аталышында иш-чара өтүүдө.

Кыргызстан жана Корея мамлекеттери арасында достук алакаларынын натыйжасында болуп жаткан бүгүнкү билим берүү жана маданий жаатындагы иш-чарага КРдагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чже мырза, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы, Кёнун улуттук университетинин Эл аралык билим берүү борборунун директору Чон Джу Ён айым, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева катышууда.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева сыйлуу конокторду жылуу тосуп алып, өзүнүн сөзүндө “И.Арабаев атындагы КМУ менен Кёнун улуттук университети биргелешип иштеп баштагандан бери жакшы жыйынтыктар жаралууда. Ошону менен бирге, Бишкек Седжонг институту өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнө жүзү боюнча 248 Седжонг институттарынын арасында 1-орунду ээлеп Корея Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандыгы биз үчүн мактаныч жана сыймык”, - деп баса белгиледи.

Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон мырзанын жана бөлүмдө эгектенген окутуучулардын активдүү ишмердүүлүгүн жогору баалап ыраазычылык билдирди.