Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Владимир Маяковскийдин 130 жылдыгына арналган адабий кече өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филология факультетинин 3-курсунун студенттери В.Маяковскийдин жаркын элесине арналган поэзия күнүн өткөрүштү. Анда доцент Апышева С.Ш. жетектеген студенттер акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу презентация кылып,  «Ук», «Татьяна Яковлевага кат», «Сүйүктүүм», «Сүйүктүүмө» жана башка көптөгөн көрүнүктүү ырларын окуп беришти.

Жыйынтыгында «В.Маяковский тирүү» деген даректүү тасма  көрсөтүлдү. Иш-чарага аталган факультеттин студенттери, окутуучулар курамы катышты.