Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Венгр тили жана маданияты борбору ачылат

Венгрияда 13-февралдан тартып Кыргызстан жана Венгриядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун форуму өтүп жатат.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кароли Эстерхази атындагы университеттин ректору Илона Тари-Пайток менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койду.

Келишимде белгиленгендей, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында Венгр тили жана маданияты борбору ачылат.

Ректор Илона Тари-Пайток аталган борбор үчүн китептерди белек кылып, 2023-жылдын май айында боло турчу борбордун ачылыш аземине катыша тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, эки университет ортосунда академиялык мобилдүүлүк, PhD багыты, маданият жана спорт тармагы боюнча кызматташуу жүргүзүлөт.  
Кызматташуу аркылуу эки өлкөнүн тарыхы, маданияты, улуттук кийимдери, тамак-аштары жана салттарынын жакындыгына негизделген достук мамилесин өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк жаралат.