Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда Венгр тили жана маданияты борбору ачылды

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунда “Венгр тили жана маданияты” (“Hungarian Language and Culture”) борбору ачылды. Ага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аниса Бөрүбаева, аталган институттун директору Нуржан Сартбекова, Кыргыз Республикасындагы Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги, Венгриянын Эгер шаарындагы Кароли Эстерхази (Eszterházy Károly Catholic University) атындагы университеттин проректору Тибор Юхас (Tibor Juhász), ошондой эле Erasmus+ долбоорунун алкагында Чет тилдерди окутуу жана тейлөө борборунун жетекчиси Дьердьи Ковач (Györgyi Kovàcs) жана ага окутуучу Жудит Тот (Judit Tóth), ошондой эле университеттин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун окутуучулары катышты.

Аталган борбордо Венгрия мамлекетинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын камтыган китептер жана белгилүү инсандардын портреттери коюлган. Ага кошо эле, окутуучулар жана студенттер аралыктан венгр тилин үйрөнүү үчүн интерактивдүү сенсордук панель орнотулган.

Венгриялыктар бул иш сапардын алкагында окуу жай менен кеңири таанышып, музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтарды алышты. Алдыда венгр тилин жана маданиятын кыргыз элине жайылтуу максатында университеттин студенттерине англис жана венгр тилдеринде сабактарды өтүшөт.

Эске салсак, буга чейин И. Арабаев атындагы КМУ менен Венгриянын Эгер шаарындагы Кароли Эстерхази (Eszterházy Károly Catholic University) атындагы университеттин ортосунда кызматташуу келишими түзүлгөн. Анын негизги максаты – илим жана билим берүү тармагында эмгектенген адистердин жана студенттердин мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуусу болуп саналат.