И.Арабаев атындагы КМУда “Жарк деп жанган кош жылдыз” аттуу поэзия кечеси өтүүдө
Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз элинин белгилүү акындары Жоомарт Бөкөнбаев жана Тенти Адышеванын чыгармачылыгына арналган “Жарк деп жанган кош жылдыз” аттуу поэзия кечеси өтүүдө.
Кечени университеттин ректору Айгүл Абдраева ачып берип, эли-жери үчүн ташка тамга баскандай из калтырып, тарых жараткан эки акындын адабиятка кошкон зор салымын белгилеп, бул иш-чаранын окуу жайда өтүп жатканы студенттер үчүн баалуу маалымат болоорун айтты.
Эскерүү поэзия кечесине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси А.Койчиев, Жазуучулар Союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Кыргыз Эл акыны М.Мамазаирова, УИАнын ардактуу академиги К.Ж.Бөкөнбаевдер чакырылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл акыны Т.Адышеванын ата мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темадагы ырларына кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган акын экени өзгөчө белгиленип айтылды. Т.Адышева алгачкы муундагы кыргыз акын-жазуучуларынын чөйрөсүнө аралашып, адабият иштерин жакындан билген, жолдошу Ж.Бөкөнбаевдин чыгармачылык ишинин тикелей күбөсү да болгон. Жоомарт Бөкөнбаев бүт өмүрүн, талантын эл журтуна, ырга арнаган чыныгы улуу акын болгон.
Поэзия кечесинде акындардын басып өткөн өмүр жолу, жарыяланган алгачкы эмгектери, дегеле кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кеңири баяндамалар жасалып, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун “Алтын казык” адабий ийриминин мүчөлөрү көркөм ыр окуп, журналист Рахат Жуманазарова тарабынан даярдалган «Талант сыры» даректүү тасма көрсөтүлдү.