Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда Жаш окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү 

19-январда И.Арабаев атындагы КМУнун Жаш окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү. Аталган иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышып, университеттин илимий изилдөө иштеринде Жаш окумуштуулар кеңешинин алгылыктуу илимий-чыгармачыл ишмердүүлүгүн баса белгиледи. 
Жаш окумуштуулар кеңешинин максаты бул алардын илимий изилдөө иштерин уюштуруу жана илимий компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат. 
Бул иш-чара илимий-инновациялык бөлүмүнүн башчысы Ү.Ж.Кармышова тарабынан уюштурулду.