Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда “Жазгы дуэт” аталышында иш-чара болуп өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институту, “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси менен биргеликте “Жазгы дуэт” кечесин өткөрдү. Иш-чарада 3 командадан турган студенттер арасында ыр, бий сынагы болду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды. Бул иш-чаранын негизги максаты ар түрдүү структурадагы студенттерди бириктирүү болуп саналат.