Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда «Жогорку китепкана мектеби» багыты боюнча угуучулар кабыл алынды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жогорку китепкана мектеби» багыты боюнча угуучуларды кабыл алуу иш-чарасы өттү. Иш-чарага КМУнун Илимий китепканасынын директору Нуриля Давлетярова, М. Рахимова атындагы ККББИнин Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы Сапарбек Оморов жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Кошумча кесиптик билим берүү багытына республиканын ар тарабынан келген китепканачылар 10-февралдан тартып 10-июлга чейин (окуу мөөнөтү 6 ай, 900 сааттык өлчөмдү камтыган) билим алышат.

Кыргызстандын региондорундагы китепканачылардын квалификациясын жогорулатуу онлайн технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт.