Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга илимий кызматташуу боюнча Россиядан окумуштуулар келди

11-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы менен Россия Федерациясынын Илимдер академиясынын жана Россия Элдердин достугу университетинин окумуштуулары менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда эки тараптын кызматташуусу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, институттун окумуштууларынын илимий эмгектерин Россиялык “Ближний и постсоветский Восток” (“Жакынкы жана постсоветтик Чыгыш”) журналына чыгаруу ж.б. маселелер талкууланды. Аталган журналдын редакциялык кеңешинин курамына Кыргызстан тараптан КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Абылабек Асанканов жана Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова кирген.

Жолугушууга “Ближний и постсоветский Восток” журналынын башкы редактору, РИАнын Коомдук илимдер боюнча илимий маалыматтар институтунун Жакынкы жана постсоветтик Чыгыш бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдеринин доктору Владимир Аватаков, РИАнын илимий кызматкери Данила Крылов, Россия Элдердин достугу университетинин ИСИПнин директорунун жардамчысы Тимур Брицов, КР УИАнын илимий кызматкерлери, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окумуштуулар курамы катышышты. Ошондой эле, бул иш-чарага КР УИАнын, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Б.Ельцин атындагы КРСУнун окумуштуулары чакырылган.