И.Арабаев атындагы КМУга Корея Республикасынын билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү келди
Бүгүн, 9-сентябрь күну, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Корея Республикасынан чоң делегация келди. Делегациянын курамында бир канча университеттердин жетекчилери, "ТэкёнгИльбо" Корея билим берүү борборунун директору , YTN телеканалынын жана "Мэиль" гезитинин кабарчылары.
Корея Республикасынан келген делегация мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасындагы И.Арабаев атындагы КМУ, К. Карасаев атындагы БМУ, Б. Осмонов атындагы ЖАМУ, ОшМПУ, БатМУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ, ТалМУнун Эл аралык байланыштар боюнча бөлүм башчыларынын кызматташтык кеңешмеси өтүүдө.