Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга Корея Республикасынын билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү келди

Бүгүн, 9-сентябрь күну, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Корея Республикасынан чоң делегация келди.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ким Кванджэ мырзаны, Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова айымды, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Түштүк Кореянын Кёнсанбукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У мырза, Кёнсанбукто провинциясынын парламентинин депутаттарын жылуу тосуп алды.