И.Арабаев атындагы КМУга КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов келди
21-январь күнү И.Арабаев атындагы КМУга КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов келди.
Жолугушууга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Равшанбек Зайниев, Административдик-чарбалык иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, Профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек, Окуу башкармалыгынын начальниги Эдиль Амантур уулу катышты. КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Табигый илимдер жана туризм институтунда, Физика-математика факультетинде, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда жана И.Арабаевдин музейинде болуп, профессордук-окутуучулар курамы менен жолугуп, студенттердин окуусу менен таанышты.